Камчыбек Ташиев: «Азыр бир да судья пара албайт»

Кыргызстандын сот органдары өз ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, сот тутуму коррупциядан арылды.

«Бир дагы судья пара ала албайт. Алар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алышат. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызматынан алынган соң кырдаал өзгөрдү. Бул багытта УКМК тарабынан бир топ иштер жүргүзүлдү», — деди төрага.