Ташиев: «Бабановдун эч кимге чоң зыян келтирбегени аныкталды. Сүйлөштүк, казынага жардам берди»

Бүгүн, 26-мартта өкмөт үйүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө жакында эле УКМК козголгон бардык кылмыш иштерин токтоткон саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу да суроо берилди.

«Өмүрбек Бабановдун иштери боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Ал изилдөөлөр буга чейин Финполдо жүргөн. Финполдон кийин бизге өткөн. Бизде 2-3 ай изилденди жана биздин тергөөчүлөр ушундай чечим чыгарышты. Бабановдун эч кимге чоң зыян келтирбегени аныкталды. Бабанов менен сүйлөштүк, казынага жардам берди. Ким мамлекеттик казынага жардам берем десе, бере берсин. Бабановдун колунда бар, мүмкүнчүлүгү бар жигит», — деди ал.

Бабанов өлкөнү колдоо максатында ыктыярдуу түрдө мамлекетке 100 миллион сом төгүп берери айтылган эле.