Камчыбек Ташиев чек араны тактоо иштерине киришти

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жаңы жетекчисинин Камчыбек Ташиевдин кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелери талкууланды.

14-ноябрда Чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилген. Буга чейин Садыр Жапаров мындай чечимге келүүгө чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей келе жатканын жүйө кылган«Коңшу өлкөлөрдүн айтымында, чечилчү маселе кыргыз бийлигинен улам создуктурулуп жатат экен. Ошон үчүн көпкө созбой, тез арада чечели деп ушундай тыянакка келдик» деген Жапаров.