Камчыбек Ташиев: «Дагы 1-2 депутатка кылмыш иш бар. Кээ бириники өтө оор иш»

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиевага жооп берип жатып, 1-2 депутатка кылмыш иши козголорун айтты.

«Депутатмын, трибунам бар деп туруп эле туура эмес маалымат таратканды токтотушубуз керек. УКМК эч качан мыйзамсыз иштерди кылбайбыз. Кылууга да акыбыз жок. Андан сырткары, 1-2 депутаттарга иштер бар. Муну алдын ала айтып коёюн. Кээ бириники өтө оор иштер. Жакында Башкы прокуратура кылмыш иш козгосо, аны да айтып чыкпагыла. Керектүү адамдар арыздарын берди», — деди Ташиев.