Камчыбек Ташиев: «Эртеңден баштап бир нече чоң чиновниктер камалат»

Бүгүн, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушуп жатат.

«Бишкекте «Манас» аэропортуна учуп түштүм. Түшкөндөн кийин 1 сааттан кийин эле бул жакка учуп келдим. Бул жактан саат 16:00дө учуп кетебиз. Барып эле бүгүн кечинде президент менен жолугам. Ага толук маалыматтарды айтып берем. Эртеңден баштап көрөсүздөр, бир нече чоң чиновниктерди камакка алабыз. Себеби алар элдин канын соргондор. Жөндөн-жөн жөнөкөй адамга тийбейбиз. Мындан ары коррупция кылуу бирөөнүн оюна да келбеш керек»,— деди ал.