Камчыбек Ташиев инисинин мандаты боюнча: «Иниме агалык сөзүмдү бир айттым, калганын өзү чечет»

«Инимдин өзүнүн шайлоочулары бар». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиевдин Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшыруу боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.

«Мен өзүмдүн оюмду айттым. Шайлоочулары, фракциянын чечимдери… Аларды депутаттар чечет. Ага мен кийлигишпейм. Андан кийин иним менен сүйлөшкөнгө убактым болгон жок», — деди  ал.

23-январдагы маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын иниси мандатын тапшырарын айткан. Ал буга бир үйдө бир гана саясатчы болушу керек деген жүйө келтирген. 26-январда Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөткөн. 27-январь күнү «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясы Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдогон.