Ташиев: «Жарым жылда мамлекетке 6 миллиард сомго жакын акча кайтардык»

Жарым жылда мамлекетке 6 миллиард сомго жакын акча кайтардык. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын тарыхында мамлекеттик казынага мынча акча кайтарылган эмес.

«Мен болжолдуу түрдө айтайын, мурдагы жылдын 10 айында мамлекетке 100 миллион сом гана которулган. Ал эми бул жылдын алты айында 6 миллиард сом зыяндын ордун толтурдук. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1000 пайызга көп. Демек, бул жаатта чоң иштер жүрдү», — деди ал.

Мындан тышкары, ал Кыргызстанда бир да сот пара албайт деп ишендирди.