Камчыбек Ташиев: «Жергиликтүү тургундар бийликке кысым көрсөтпөстөн, бири-бирибизге жардам беришибиз керек»

Бүгүн, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда Ташиев баткендиктерден бийликке басым көрсөтпөөнү суранды.

«Жергиликтүү тургундар бизге басым көрсөтүп, «чечпесеңер андай кылабыз» деп басым көрсөтпөстөн бири-бирибизге жардам берип иштешибиз керек. Силер коркутуп, анан биз келип иштебешибиз керек. Биз элден коркуп эмес, «эл жаман сөз айтат экен» деп эмес, биз өзүбүздүн жүрөгүбүз менен журтубуздун көйгөйүн чечели деп жатабыз. Аксакалдар, жаштар кызуу кандуулукка алдырып, ызы-чуу боло бербегиле. Биз маселени билебиз,»— деди ал.