«31-январда эл аралык иштер боюнча комитет отурум өткөрүп, чек арадагы акыркы кырдаал боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип, жабык эшик артында бир топ маалымат берген». Бул тууралуу депутат Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Азыр мына коомчулукта 39-протокол боюнча ар кандай сөздөр болуп жатат. Ошол боюнча Камчыбек Ташиев комитетте пленардык жыйынга да келип берерин айтты эле. Ал жабык эшик артында айтып берем деген. Коомчулукта ар кандай ойлор болбошу үчүн Камчыбек Ташиевди чакырып, маалымат угалы. Күн тартибине киргизип койсоңор», — деди ал.
Ошондой эле депутат Жеңишбек Токторбаев да Баткенге барганын айтып, түшүнбөстүк болуп жатканын айтты. «Кээ бир саясатчылар, активисттер маалыматты бурмалап жатышат, ошондуктан Ташиевди жыйынга чакырсак, ал бул жерде да көпчүлүккө кырдаалды түшүндүрүп берсин. Саат 14:00гө», — деди ал.











