Камчыбек Ташиев: «Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу Орусия менен Казакстанга да сунушталган»

«Көптөгөн адамдар Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу ар кандай кептерди айтып жатышат. Көпчүлүгү элди козуткан ыплас сөздөрдү айтып жатышат. Ойлонуп сүйлөө керек. Биз аталган ГЭСти чогуу куралы деп Орусияга барганда сунуштадык. Өлкө башчысы сунуштады. Орус тарап айтты, сиздерде электр энергиясы арзан экен. Азырынча мындай долбоорго кирбейбиз деп. Ушундай эле сунушту өлкө башчы Казакстанга барганда да айтты.

Өзбекстанга дагы ушундай сунуш айтылганда алар колдошту. Президент Садыр Жапаров кандай деп жатат? Эгер курулушуна 2 миллиард доллар кетчү болсо, элүүгө элүү пайыз менен курчу болсок, Өзбек тарап канча бир жылда, алалы, элүү жылда курулушка салган акчасын чыгарып алат. Анан ГЭСти алар алып кетмек беле? Камбар-Ата бизде калат», — дейт Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасынын маалымат жыйынын түз эфирден көрүңүз.