Камчыбек Ташиев: «Ким коррупция менен түрмөгө түшсө, ал чыкпайт»

«Ким коррупция менен түрмөгө түшсө, ал чыкпайт. Мен ушуга кам көрөм», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. 

Анын айтымында, буга чейин коррупционерлер мамлекеттин 100 миң сом акчасын жеп койсо, 500 миң сом төлөтүп туруп, жеңилирээк жаза менен кутулуп кетишчү.

«Азыр андай болбойт. 2-этабында катаал карайбыз. Кармалса мал-мүлкү, тапканы конфискацияланат, соттолуп жазасын алат. Ким коррупция менен түрмөгө түшсө, ал чыкпайт», — деди ал.