Камчыбек Ташиев: «Кожалы-Ворух» жолун Кыргызстан өзү салат»

«Кожалы-Ворух» жолун Кыргызстан өзү салат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. «Бул жолу протоколдо чогуу курабыз деп көрсөтүлгөн. Бирок кийинки маалда биздин кабыл алынган чечимдерге жараша ал жолду өзүбүз кура турган болдук. Кыргыздын жолу боло турган болду. Кыргыздын аймагында боло турган болду. Бирок аягына чейин чечим кабыл алына элек», — деди ал.

Баткен шаарында 1-2-май күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болгон. Анын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоо жана делимитация менен демаркация процесси аяктаганга чейин Тажикстандын жарандары, транспорт каражаттары тоскоолдуксуз өтүшү үчүн тараптар жолду бирге куруп, «Ходжаи Аъло-Ворух» унаа жолун тажик тарап да колдонот деп айтылган болчу.