«Коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы дагы бар». Мындай тамаша аралаш эскертүүнү Камчыбек Ташиев бүгүнкү парламент жыйынында берди.
- 5-декабрда Жогорку Кеңеште “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
“Тамаша иретинде айтып коёюн, коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмыштарын жасаганга убактысы бар, айып пул менен чыгып кетет. 31-декабрдан кийин алар реалдуу жаза мөөнөтүн алышат”, — деди УКМК төрагасы.