Ташиев: «Коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы бар»

«Коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы дагы бар». Мындай тамаша аралаш эскертүүнү Камчыбек Ташиев бүгүнкү парламент жыйынында берди.

“Тамаша иретинде айтып коёюн, коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмыштарын жасаганга убактысы бар, айып пул менен чыгып кетет. 31-декабрдан кийин алар реалдуу жаза мөөнөтүн алышат”, — деди УКМК төрагасы.