Кумтөр боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишимде Акылбек Жапаровдун колу жок болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Эгер Акылбек Жапаровдун ошол жерде конкреттүү күнөөсүү болсо, биз аны аяп отурбайбыз. Эч кимди аябайбыз», — деди ал.
«Баары Асылбек Жээнбеков камалбайт деп ойлошкон, анткени ал мурунку президенттин бир тууганы. Бирок ал азыр түрмөдө», — деди Ташиев.










