Камчыбек Ташиев: «Кумтөргө байланыштуу соңку камоолордо саясий куугунтук жок»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөргө» байланыштуу тергелип жаткан кылмыш ишинде саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

“Эч кандай саясий куугунтук жок, жердешчилик маселеси жок. Ошол окуяга кимдин тиешеси болсо, кылган кылмышына жараша жазага тартууга милдеттүүбүз. Биз ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Кумтөр алтын кенин акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, анын тегерегинде интрига уюштурушуп, биздин аткаминерлер жетеленме болуп калганын элибиз көрдү. Эми мындан ары андай болбойт”, — деди ал.