Камчыбек Ташиев: «Кыргызстандын делегациясы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти»

Кыргызстандын делегациясы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев билдирди.

Жумушчу топту кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектеп, Душанбеге учуп кетишкен. «Тажик тарап биздин шарттарга макул болбосо, жөн эле убакыт кетирип ары-бери каттай беришпесин деп жумушчу топту жөнөтпөй эле коёюн дегем. Бирок алар биз коюп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө «макулбуз, жөнөтүңүз чечели» дегенинен жибердим. Мени дагы чакырышкан, бирок барбай бүгүн парламентке келдим», — деди Ташиев.