Камчыбек Ташиев: «Күздө революция болбойт. Биз жол бербейбиз»

«Күздө революция болбойт» деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Анын айтымында, коом радикалдашып, жазасыз калуу күч алууда.

«Мен аларга сиздер (ред. журналисттер) аркылуу эскертким келет. Интернетте алар жазасыз кыйкырышат, мамлекет башчысын жана башкаларды жамандашат, төңкөрүш кылууга чакырышат. Биз ар бириңиздерди каттайбыз. Токтот. Азыр чет өлкөлөрдө отуруп алып, революцияга чакыргандарды бул жакка алып келүү үчүн башка мамлекеттер менен келишим түзүп жатабыз. Мисалы, Жогорку Кеңеште бир депутат Орхан Инанды үчүн жооп беребиз деп тынымсыз кыйкырат. Ооба, биз жооп беребиз. Мындай сөздөргө этият болушубуз керек», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы бийлик революцияга жол берберин билдирди. «Саясий экстремизм биринчи планга чыгып жатат. Алар чогулуп, отуруп, күзүндө парламенттик шайлоо болот, революция болот деп талкуулашат. Биз революцияга жол бербейбиз, элдик бийлик буга жол бербейт. Революциясыз кетебиз», — деди ал.