Саясат таануучу Марат Казакпаев 2019-жылы эле улуттук коопсуздук органдарынын назарына түшкөнүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Новые лица” гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдын 23-сентябрында атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин («мамлекеттик чыккынчылык») 1-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.
«Кылмыш иши биз бийликке келгенге чейин эле 2019-жылы козголгон. Андан сырткары, 2021-жылдын апрелине чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакпаевдин кылмышка катыштыгы бар экендигин тастыктаган маалыматтарды талыкпай табууга багытталган ыкчам-издөө, техникалык иш-чаралардын, ошондой эле тергөө иш-чараларынын бардык комплекси жүргүзүлгөн. 2022-жылдын 1-мартында Казакпаевдин өзүнүн жана анын жактоочусунун арызы менен күнөөсүн моюнуна алгандыгы тууралуу макулдашуу болгон. 10-мартта кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн болчу. Элдин бул кылмыш ишине чоң кызыгуусу бардыгына карабай, иликтөөнүн чоо-жайын ачыктоо мүмкүн эмес, кылмыш ишине «өтө жашыруун» деген гриф берилген», — деди Ташиев.
Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде төгүндөлгүс далилдер алынган соң УКМКга чакырылганы айтылды.











