Камчыбек Ташиев: «Мен президенттикке барбайм»

«Мен президенттикке барбайм», — деди бүгүнкү маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Ал прездинеттик орун бирөө экендигин, эки жылдан кийинки өтүүчү президенттик шайлоого барууга Садыр Жапаровдун толук юридикалык укугу бар экендигин жана аны колдой тургандыгын билдирди.

«Садыр Жапаровду эгемендик алгандан берки президенттердин арасынан менин оюмча эң жыйынтыктуу иштеген президент деп билем. Ал кишиден башка айткылачы, кимди колдойбуз? Бекназаровду? Равшан Жээнбековдубу? Же кайрадан Атамбаевди алып келип президент кылалыбы?  Жакшы иштеп жатабы, аны колдошубуз керек», — деди Камчыбек Ташиев.