«Ок атууну толугу менен токтотуу чечимин кабыл алдык». Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кайрылуу жасашты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусун өткөрүштү.

Жолугушууда мындан ары эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт деген бүтүмгө келишкен.

«Биз бүгүн жолугуштук. Анда төрт пункттан турган протокол түзүлдү. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Ооба, бүгүн биздин эл жана коңшу эл өтө оор учурду башынан өткөрүп жатат. Бизде трагедия болду. Бул учурда бизге жолугуп, сүйлөшүү да кыйын болуп жатты. Ага карабай биз жолугушуп, бардык атышууларды токтотуу, техникаларды алып чыгып кетүү тууралуу сүйлөштүк. Буйруса баары тынч болот жана протокол аткарылат деп үмүт кылабыз», — деди Ташиев.

«Чек ара аймактарындагы болгон трагедия мындан ары эч качан кайталанбашы керек. Анткени бул тилкелерде биздин элдер мурунтан бери жашайт. Алар абдан дос, алар бири-бирине айып койбошу керек. Биз саясатчылар бардык суроолорду мүмкүнчүлүккө карап достукта чечебиз. Эки тарап бүгүн суроолорду талкуулап жатып, принципиалдуу макулдашууга келдик. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Мен биз муну кыла аларыбызга ишенем, биз тез аранын ичинде бардык көйгөйлүү маселелерди чечебиз жана биздин эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт», — деди Ятимов.