Камчыбек Ташиев Мунарбек Сайпидиновду кабыл алып, анын арызын укту

Кечээ, 23-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алып, анын арызын укту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ташиев Сайпидинов буга чейин социалдык тармактар аркылуу кайрылуусунда айткан маалыматтар изилденерин айтты.

Ошондой эле УКМКнын башчысы атайын кызмат саясаттан тышкары экенин белгилеп, саясий куугунтук менен алектенбегенин билдирди.
Буга чейин Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов социалдык тармактар аркылуу куугунтук болуп жатканын айтып, атайын кызматтын жетекчилигине кайрылган.

19-ноябрда УКМК Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы тинтүүдө Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбай турган курал табылганын, ал экспертизага жөнөтүлгөнүн билдиген.
Мунарбек Сайпидинов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болуп катышкан. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.