Камчыбек Ташиев Өмүрбек Суваналиевди сынга алып, эмнеге кызматтан алынганын айтты

«Азаттык» радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө Өмүрбек Суваналиев “Кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз. Кустуризациядан түшкөн акчанын дайыны жок” деп айттыБуга карата УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга жооп берди.

«Биринчиден, мен “Азаттык” радиосун укпайм. Кимдер андан чыгып алып, эмнелерди сүйлөп жатканын карап олтурганга менин убактым да жок. Суваналиевдин сүйлөгөнүн дагы сизден угуп атам.

Экинчиден, эл сүйлөсө дагы ушул Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу. Анын деңгээлин, эмне үчүн аны өз убагында “жыгач генерал”, “к.тани” деп атап алышканын 2021-жылы орун алган Баткен окуясы көрсөттү. Мына ошол өзүнө тагылган эпитеттерге толук татыктуу экени көрүндү. Дал ошол себептен кызматтан алынды. Менден эмес, Баткен элинен барып сурасаңыз, толугураак жооп аласыз.

Суваналиев өзүн генерал катары сыпаттаганды жакшы көрөт. Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка? Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза», — деди ал.