Камчыбек Ташиев: «Орхан Инандыны Кыргыздын жараны менен салыштырбагыла»

Орхан Инандыны Кыргыздын жараны менен салыштырбагыла. Ал башка мамлекетте, башка элде жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

«Ал Кыргызстанда жасаган иштери боюнча жооп берген жок. Орхан Инанды бизге башка мамлекеттен келген. Ошол мамлекеттин айтуусуна жараша, кылмыш кылып, анан биздин мамлекетке отуруп калган адам. Экинчиден, ал адамдын Кыргыз жарандыгын алгандыгы боюнча дагы бир жолу айтам, бизде кылмыш иши ачылган, ошол кылмыш иш тергелип жатат. Эгерде аны Кыргыз жараны деп кала турган болсок, анда ал Түркиянын жарандыгын тапшырышы керек эле. Ал тапшырбастан Түркиянын паспорту менен жашап жүргөн. Аны кыргызда тышы жалтырак, ичи калтырак деп коёт», — деди ал.