Ташиев Инандынын кош жарандуулугу тууралуу: «Эгер ал бул жакта болгондо, кылмыш жоопкерчилигине тартылмак»

Мага бүгүн, 8-июлда маалымат келди. Орхан Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу Түркиянын расмий паспорту бар экен. Ал паспортту колдончу экен. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Анын кош жарандуулугу бар экен. Ал эки өлкөнүн паспортун колдонуп жүрүптүр. Бул жерде ал мыйзамды бузуп жатат. Эгер ал бул жакта болгондо, кылмыш жоопкерчилигине тартылмак», — деди ал.

Бүгүн Бишкек ШИИБ Орхан Инандынын кош жарандуулугу боюнча маалымат тараткан эле. Анда ал эки өлкөнүн тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылган.