Ташиев Орто-Токой суу сактагычынын алдындагы жер үчүн Өзбекстандан кантип жер алганын айтты

«Өзүңөр жакшы билесиңер, 2017-жылдагы мыйзамдын негизинде Орто-Токой суу сактагычы биздин колубузга өттү». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйында билдирди.

«Суу сактагыч өзү да, анын плотинасы да, жери да бизге өткөн. Суусу да Кыргызстандыкы. Бирок биз талап койдук. Орто-Токойдун алдында биздин жер жатат. Ал эмнеге жөн жатышы керек? Сүйлөшүү өтө оор болду. Суунун 95 пайызын Өзбекстан пайдаланат. Ошонун алдындагы жерге жер бергиле дедик. «Биз жер бербейбиз. Орто-Токой силердики. Сууну пайдаланабыз» дешти. Мен «андай болсо, суунун астындагы жерге компенсация бербесеңер, анда сууну түшүрөбүз, агызабыз» дедим. Сууну 1 айда түшүрүп бүткүлө дедим. Көк-Серек, Баястан деген жердеги адамдарды ошол жерге көчүрөбүз десек, андай болбойт дешип, жер берди. Жерди милдеттемелери жок эле алдык», — деди ал.