Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышабы? Мындай теманын тегерегинде kaktus.media саясат таануучу Калнур Ормушев менен маектешкен. Маекти толугу менен аталган басылманын сайтынан окусаңыздар болот. СЕРЕП МЕДИА маектин урунттуу учурларын жарыялайт:
– Талапкер болушу мүмкүн. Анткени Камчыбек Ташиев президенттик амбициясын Садыр Жапаровго чейин 2011-жылы эле көрсөткөн. Садыр Жапаров биринчи жолу шайлоого 2021-жылы катышкан.
– Ташиев чыныгы саясатчы. Депутат-дилетант, спортсмен же физкультурник эмес. Саясатчылар менен спортчулардын баалуулуктары башкача. Спортсмендер утурумдук жеңишке гана кызыкса, ал эми саясатчынын мотивациясы күчтүүрөөк келет. Саясатчы өлкө менен элинин бакубаттуулугу, өнүгүүсүн ойлойт, айрымдары бүткүл адамзатын бактылуу кылууну кыялданат.
– Ал (Ташиев) азыр олуттуу бийликке ээ; кимисинин бийлиги көбүрөөк экенин дагы да талдап көрүш керек.











