УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылында жайгашкан Ынтымак орто мектебине китеп алып барып берген.
«2-3 жылда эле Барпы айыл өкмөтүндө 5-6 мектеп курулуп жатат. 15 жылда бир да мектеп курулган эмес. Азыр көңүл бурулууда. Бул Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясатынын негизинде болуп жатат. «Сүф» деп койсо, жакшы болуп кеткидей сыйкырчынын таягы жок. Президент күнү-түнү иштеп, силерге шарт түзгөнгө аракет кылууда», — деди ал.