“4 ай мурда “Садырды президент кылабыз” деп жар салган экенмин. Мен сөзүмө турдум”. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал “Урматтуу Кыргыз элим! Туптуура 4 ай 14 күн мурун борбордук аянтта таңга маал «Садырды президент кылабыз» деп жар салган экенмин. Мен сөзүмө, убадама турдум! Элиме, силерге рахмат!”, — деген билдирүү жарыялады.
Садыр Жапаровдун түрмөдө отурган жеринен бийликтин эң жогорку тепкичине алып чыгууда Камчыбек Ташиевдин ролу маанилүү болгону айтылып келет. Атүгүл, бул жоопкерчиликтүү жүктөн улам Өмүрбек Текебаев Камчыбек Ташиевди “дос-секретарь” деп атаган эле.