Камчыбек Ташиев тойго барганы боюнча: «Райымбек Матраимов менен бир столдо отурган жокмун»

«Мен быйылкы жылдын эсебинен тойго биринчи жолу бардым. Анан Райым Матраимов менен бир столдо отурган жокмун». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Сын бул жакшы нерсе. Сиздердин сыныңыздар менен алдыга жылып жатабыз. Ал эми көө жабуу бул эч пайда алып келбейт. Кыргызда той, куран окутуу бул салт. Эгер мен тойго кимдир бирөө менен барсам, бул достошуп алды дегенден кабар бербейт. Андай болбойт. Сындаганды да билиш керек. Дастан Бекешев, мен сизден бир да пайдалуу сын уккан эмесмин. Дайыма кереги жок нерсени сындайсыз. Андан көрө өлкөнү оңдош үчүн эмне кылуу керектигин айтыңызчы. Анан жөн эле бул жерде отуруп алып, бирөөнү жамандап койсом эле… Силер коомду бузуп жатасыңар», — деди Ташиев. 

«Камчыбек Кыдыршаевич, сизге каршылыгымды айткан жокмун. Мен сизге мисал катары айтып жатам. Бул дагы башкаларга үлгү болуп жатпайбы. Мен сизди чукуган жокмун», — деди Бекешев. 

Буга чейин Ташиев менен Матраимовдун Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашовдун уулунун үйлөнүү тоюна барганы талкуу болгон эле.