Ташиев Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүү үчүн Баткенге бүгүн жөнөп кетет

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен болгон чек ара маселелерин сүйлөшүү үчүн Баткенге барат. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта өткөн маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Тажикстан менен талаштуу жерлер азырынча чечиле элек. Сох, Ворух сыяктуу аймактарды чечүү үчүн мен мына бүгүн Баткенге жөнөп кетем”, — деди ал өз сөзүндө.