Камчыбек Ташиев: «Талапкерлер шайлоого 2-3 күн калганда добуш сатып алууга камдана башташат деген маалымат бар»

«Талапкерлер өзүлөрү да мыйзамды сакташы керек. Административдик ресурс болбогондон кийин, мамлекет эч кимге басым көрсөтпөгөндөн кийин талапкерлер мыйзамдуулукту сакташы керек». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Бизде маалыматтар бар, көптөгөн талапкерлер азыр күтүп отурушат. «Бир апта калганда баштайбыз, эки күн калганда сатып ала баштайбыз, 3 күн калганда сатып ала баштайбыз» деп. 1 апта, 2 күн, 3 күн калганда күнү-түнү уктабашыңар керек. Көзөмөлдөшүңөр керек. Эгер кайсы бир жерде сатуу же сатып алуу жүрүп кетип, силер билбей калсаңар, ошол жердеги кызматкерлер жазаланасыңар», — деди төрага кызматкерлерге кайрылып.