Камчыбек Ташиев: «Учурда бир адам миллиард сом төлөп жатат»

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон 2 күндүк иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 26-мартта Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө учурда кармалып, мамлекеттик казынага акча төгүп жаткандар тууралуу да суроолор берилди.

«Ар бир коррупционердин кылган кылмыш иши бар. Алардын кылган ишине, мамлекетке тийгизген зыянына акт түзүлүп анан мамлекетке кайтарчу акчанын суммасы чыгып жатат. Кимдир бирөөдөн 100, дагы бирөөнөн 50, 20 же 200, кимдир бирөө миллиард төлөп жатат. Бир жаран 2 миллиард сом төлөдү. Азыр бир жаран да миллиард сом төлөп жатат. Биз азыр анын ким экенин айтпай элебиз. Жакын арада, балким бир жумадан кийин ал адамды айтабыз», — деди ал.