Камчыбек Ташиев: «Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мындан ары мамлекеттик иштерге кийлигишпейт»

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мындан ары мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтордун мамлекеттик иштерге жана саясатка болгон таасирин толугу менен басууга мүмкүн болду. «Бирок биз алар менен профилактикалык иш-чара катары иштөөнү улантып жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бир жыл ичинде коррупциялык иштердин алкагында өлкө бюджетине 7,5 миллиард сом кайтарганын айтты. «Акыркы 10 жылда жемкорлук менен күрөшүүдө мамлекетке 5 миллирд сом кайтарылыптыр. Анын да 3 миллиарды уюлдук компаниядан алынган. Демек акыркы 10 жылда мамлекетке 2 миллиард эле сом кайтарылган. Ал эми 2020-жылдын октябрь айынан баштап, 7,5 миллиард сом кайтарылып жатат», — деди ал.