Камчыбек Ташиев: «Ыйман деп туруп, күнү-түнү казино ойноп, банкрот болгон депутаттар бар»

Көпчүлүк депутаттар ыйман деп айтып жатасыздар, динди кошуп жатасыздар, биз деле намаз окуган жигиттербиз. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында билдирди.

«Ыйман деген жигиттерди деле билем, кандай иштерди аткарып жүргөнүңөрдү билем. Кайсы акча алмаштыруу жайда иштеп жатканыңарды, ал жакта канча пайыз берип жатканыңарды, ыйман деп туруп, канча акча кимге алып барып берип жатканыңарды билем. Баары кагаз жүзүндө бар. Ошондуктан саясатташтырбастан, эли-журтубузду багып алганга аракет кылышыбыз керек. Ыйман дегендер казиного барып, ал жакта күнү-түнү жаткандар бар. Ошол жакта банкрот болуп, чыга албай калгандар бар», — деди ал.