Камчыбек Ташиевдин уулу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен жергиликтүү шайлоого аттанды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Бул маалыматты Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тастыктады.

Маалыматка караганда, Таймурас Ташиев шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтөт.