УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад шаардык шайлоо кеңешинен тастыкташты.
Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат болчу.
Ал жергиликтүү басылмаларга мындай кадамга баруусунун себебин айткан жок. Ошол эле учурда 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койбостугун билдирген.