УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Жалал-Абад шаардык кеңештин мурдагы депутаты Тай-Мурас Ташиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берди.
Ал саясаттан кеткенин, ага Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттыгы эле жеткенин айтып, келечекте жеке ишкерлик менен алектене турганын билдирди. «Мен жеке ишкерлик менен алектенем. 2015-жылдан бери жеке бизнесим бар. Мен өз иштерим менен алектенем. Үй-бүлөм менен тынч жашоону тандап алдык», — деди ал.
Ошондой эле соцтармактарга тараган студенттик кездеги сүрөттөрү боюнча да комментарий берди. «Кимде эле студенттик кезиндеги мындай сүрөттөр жок болсун. Ал Томскто болгон»,— деди Тай-Мурас Ташиев.