Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев: «Саясат мен үчүн эмес экен»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Жалал-Абад шаардык кеңештин мурдагы депутаты Тай-Мурас Ташиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берди.

Ал маегинде мандатынын тапшырган себебин айтты. «Мен мандатымды тапшырдым, саясатка азыр да, келечекте да аралашпайм. Саясаттан тыш болом. Саясат мен үчүн эмес экен», — деди ал. 

Ал ошондой эле Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты болгондон тарта саясат ал үчүн эмес экендигин түшүнгөнүн айтты. «Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышпайм, мага шаардык кеңештин депутаттыгы эле жетти окшойт», — деди Тай-Мурас Ташиев.