Камчыбек Ташиевге жасалган операция ийгиликтүү өттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жасалган операция ийгиликтүү өтүп, ал өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу анын санаалаштары социалдык тармактардагы баракчаларына жазышты.

Президент Садыр Жапаров да “Телеграмдагы” каналына “Ташиев жүрөгүнө жасалган операциядан кийин өзүн жакшы сезип жатат”,- деп жазды.

Ташиевге кечээ, 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнө операция жасалды.

Анын “Фейсбуктагы” баракчасына Жакындары үч саатка созулган операция “өтө оор жүргөнүн”, ал өзү “Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп беремин»,- деп билдиргенин жазып жатышат.

Эскерте кетсек, 52 жаштагы Ташиев буга чейин дагы сыркоолоп, ооруканага жатып чыкканын жазган эле. Ал 6-февралда Германияга жөнөп кеткен. .