Канат Исаев: «Бабанов менен мамилем начар болчу. Атамбаевдин талапкери өтпөсүн деп аны колдогом»

«СуперТВ» телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген саясатчы, «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев парламенттин «Чимкирик» атка конушуна «Кыргызстан» фракциясынын салымы канчалык болгону тууралуу суроого жооп берди.

«Башкалардан кем, башкалардан ашык дагы эмес деп ойлойм. Мына карагылачы, Садыр Жапаров премьерликке 41 депутат менен шайланып жатса кворум болгон жок деп бирөө айтпайт. Башмыйзамды окубай туруп кол коюп салышат. Буга чейин деле президенттердин айтканын айткандай аткарып келишти. Кесиптештеримди жамандап, сындай берүүгө этика жол бербейт. Бирок ошол элдин айтканы менен деле кээде макул болуп кетесиң. Ошентсе да, парламентке ушундай ат койгон адам президент кезде биз Жогорку Кеңештеги борбордук трибунадан туруп аны сындаганбыз. Бийликти узурпациялап алды деп, Икрамжан Илмиянов, Манас Арабаев дегендерсиз иштер чечилбей калды деп биз айтып чыкканбыз«,- дейт Исаев. Саясатчынын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин акыркы жылдардагы саясаты түшүнүксүз болуп бара жаткан. «Атамбаевдин талапкери өтпөсүн деп мен 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабановду колдоп чыккам. Болбосо Өмүрбек Бабанов менен мамилем начар болчу. Атамбаевдин саясаты токтосун, анын талапкери өтпөсүн деген максатта, арты кандай болорун, камап коюшу мүмкүн экенин билип туруп чыккам»,- деп эскерет Исаев.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.