Канат Исаев: «Кыргыз түрмөдөн коркпой калган»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин экс-спикери, президенттик жарышка талапкер катары катышкан, «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев маек берди. Ал «Садыр Жапаровду эл колдоду, ишеним көрсөттү, мен аны кабыл алам. Учурдагы бийлик мурдагы бийликтердин каталарын кайталай берүүнү токтотуп, туура жолго түшсө, жакшы иштерди жасаса мен да аларды колдойм. Кудай алдында күнөөлүү болгум келбейт»,- дейт.

Саясатчынын баамында учурда бийлик башында турган топ көп катачылыктарды кетирип, мурдагы бийликтердин каталарын кайталап жатат. «Эчтеке боло электе эле Каныбек Иманалиевге иш козголуп, Роза Отунбаева жоопкерчиликке тартылышы керек, Дүйшөбаев жоопкерчиликке тартылышы керек деп… Баягы эле коркутуу да. Эми түшүнүү керек, Кыргыз түрмөдөн коркпой калган»,- дейт депутат.

Канат Исаевдин маеги толугу менен шилтемеде.