Канат Сагымбаев: «Алмазбек Атамбаевдин душмандары Садыр Жапаров экөөнүн ортосуна от жакканга аракет кылышты»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып жаткан, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев маек берди. Ал Садыр Жапаровдун «Атамбаев аянттагы өмүрүнө кол салууну өзү уюштурган» деген сөзүн четке какты.

«Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаковдор болуп аянтка барып, митингде сөз сүйлөшкөндө мен ал түшкөн машинанын жанында шектүү адамдар турганын байкадым. Анан Атамбаевдин коопсуздугу үчүн аны башка машинага отургуздук. Эл Атамбаев кайсы машинага түшкөнүн байкабай деле калды. Алмазбек Атамбаевдин душмандары көп да, аны баарыбыз эле билебиз. Балким ошол абалдан пайдаланып Садыр Жапаров экөөнүн ортосуна от жагабыз дешкендир. Бирок өзүнө кол салууну өздөрү уюштурган деген туура эмес. Андай болгон эмес»,— дейт Сагымбаев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.