Канат Сагымбаев: «Атамбаев экөөбүздүн аман калганыбыз Кундуз Жолдубаева менен Курсан Асановго байланыштуу»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев «ИИМдин ал кездеги чоңу Кашкар Жунушалиев Атамбаевдин жана Сагымбаевдин көзүн тазалагыла деп буйрук берген экен» дейт.

«ИИМ жана УКМК 7-август күнү жанагыдай абал пайда болорун алдынала билип туруп атайы «Альфанын» балдарын жана милиция кызматкерлерин отко салып беришти. Эртеси, 8-августта ал кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 7 миң милиция кызматкерин баштап барып, Атамбаевдин үйүн кароолго алды. 5 мүнөттө эшикти ачууну, болбосо күчтөп чыгарарын эскертти. Кийин мен балдар менен сүйлөштүм, ошондо Кашкар Жунушалиев «Силерди тосуп биринчи Канат Сагымбаев чыгат, аны атып салгыла, Атамбаевдин колунда курал болот, аны көргөн ал силерге ок чыгарат, атып салгыла» деп буйрук бериптир. Аны ошол жерде болгон бир нече адам, атын атабоону суранып айтып беришти. Ал ичкериде «аялзаты бар экенин Кундуз Жолдубаева менен сүйлөшкөн соң түшүндү да бир нече мүнөткө жымжырт жоголуп кетти. Көрсө ошондо тоону көздөй кеткен экен. Ал күнү телефон, интернет байланышты үзүп салышпады беле. Анан ал жогору жак менен сүйлөшүп келгиче ИИМдин орун басары Курсан Асанов келип, көндүрүп, чыгарып кетип жатпайбы. Ошол иши менен ал тигилердин планын бузду. Курсан Асановдун «менин айыбым Атамбаевди тергөөгө тирүү алып келгенимде» деп жатканынын чындыгы бар. Атамбаев экөөбүз Жолдубаева жана Курсан Асановго байланыштуу аман калганбыз», -дейт Сагымбаев.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.