Канат Сагымбаев жана Фарид Ниязовдун 4-декабрга белгиленген соту болгон жок

Бүгүн, 4-декабрда Кой-Таш окуялары боюнча Канат Сагымбаев жана Фарид Ниязовго карата прокуратура өтүнүч киргизген. Ал өтүнүч боюнча бүгүн саат 15:00дө сот болмок. Бирок соттук отурум болгон жок. Себеби Канат Сагымбаев жана Фарид Ниязов СИЗО-1ден алып келинген эмес. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Коронавируска байланыштуу сотко алып чыгууга болбойт деген акт түзүлүптүр. Бул жөн гана шылтоо. Анткени, ушул эле иш боюнча Темирлан Султанбеков жана Курсан Асанов сотко алып келинип, ошол жерде үй камагына чыгарылган.

Мыйзам боюнча алып келиниши керек. Мына ушуга ылайык сот милдеттендирип, соттук отурумду кийинки шаршембиге жылдырды”, — деди ал.