Канат Сагымбаев: «Опумбаев менен Жунушалиев Кой-Таш окуялары үчүн качып кетишти»

«Опумбаев, Кашкар Жунушалиев Атамбаевдин өмүрүнө да коркунуч келтиришти. Ошонүчүн качып кетишти деп ойлойм». Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Алмазбек Атамбаев алдынан эскертип жүрбөдү беле, колумда куралым бар, курал колдоном деп. Ошол куралды колдондуруу максатында жаратышкан ушундай абалды. Үсөн Ниязбеков жөндөн-жөн эле өлүп калды. Жөн эле «Альфа» кызматкерлери менен милиция кызматкерлерин отко салып берип коюшту. Эгер тергөө жүрүп кетсе деген алдынала план менен алар Кой-Ташка «Альфаны» жиберишкен. Анткени УКМКга байланыштуу иш катары жабык каралмак. Негизи «Альфа» калктын коопсуздугуна коркунуч келтирген терроризм, экстремизм өңдүү ички-тышкы иштер менен күрөшөт. Ал эми ички иштер боюнча СОБР бар. Бирок СОБР келсе сот процесси жабык болбой калмак «,- дейт Сагымбаев.

Бул шилтеме аркылуу маекти толугу менен табасыз.