Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Сагынбаев Канат Латипжановичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.










