Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Табалдиев Канат Касенович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.