Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Талкуу маалында депутат Венера Салямова талапкерден Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде пландалып жаткан реформалар тууралуу сурады. Канатбек Чыныбаев кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга, санариптештирүүгө жана коррупцияга каршы аракеттенүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Жыйынтыгында комитет Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.