Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси Гүламжан Анарбаев отставкага кетти. Аталган кызматтын жаңы төрагасы болуп Канатбек Тургунбеков дайындалды.

Буга чейин Тургунбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын укук маселелери боюнча башкармалыгын жетектеп келген.

Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өттү. Буга чейин аталган кызмат өкмөттүн алдында иштеп келген.

Канатбек Тургунбеков президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабын жетектеген. Ал эми 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын штабынын жетекчиси болчу.